“Новый Ритм” КБ нин  ыктыярчылар үчүн  программасы, жаш курагы 14 тон 28 ге чейинки жаштарды камтыйт. Аталган программага кабыл алуу жыл сайын жургүзүлөт. Багыты жаштардын жарандык  активдүүлүгүн жана лидердик потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет. Биздин коомго позитивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган, адам укуктары жана демократия принциптерин карманган жаштарды өз катарыбызга чакырабыз. Биз ыктыярчыларыбызга дуйнө таанымын кеңейтүүгө, жаны мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бирге өздөрүн  жаңы багыттарда сынап көрүүгө шарт түзүп беребиз. Алар адам укуктары, гендердик теңдүүлүк, конфликттердин алдын алуу жана комфорт зонасынан чыгуунун маанилүүлүгүн окуп үйрөнө алышат. Ошону менен бирге, биздин ыктыярчылар эл алдына чыгып сүйлөөнү, социалдык проекттерди жазганды үйрөнүшүп, андан соң адам укуктары боюнча  демилгелерин ишке ашыра алышат. Окуу сессияларынан сырткары,  ыктыярчыларыбыз үчүн ийгиликке жетишкен жаш муун өкүлдөрү менен мотивациондук жолугушуулар өткөрүлөт. Биздин коомдук бирикме программаны ийгиликтүү аяктаган ыктыярчыларды келечекте бирикмедеги бош жумуш орундарына тапшырууга үндөйт.

Ыктыярчылык программасынын тарыхы

Ыктыярчылар программасы “Новый Ритм” коомдук бирикмесинин негизделген жылы- 2014- жылдан бери жүргузүлүп келет. Бул убакытта 7  программа ийгиликтүү ишке ашырылды. Ар бир айлампанын бүтүрүүчүлөрү ийгиликке жетишүү менен бирге арасынан көптөгөн  жаштар жумушчу команда мүчөлөрү болуп, ал тургай башкарманын жетекчилик  жумуш ордуна шайлоосуна да  катышышкан.