2016 жылы Новый Ритм коомдук бирикмеси БУУнун 1325: аялдар, тынчтык жана коопсуздук резолюциясынын алкагында аялдардын укутарына басым жасоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Folke Bernadotte Academy тарабынан каржыланды. Аталган проект Кыргызстандын үч негизги түштүк аймактары: Баткен, Ош жана Жалал Абад облустарында жаштар арасында бир жылдык мөөнөт менен жүргүзүлүүгө пландаштырылган.

2000- жылы, Бириккен Улуттар Уюму бардык убактардагы эң эле белгилүү болгон UNSCR 1325 аталышындагы резолюцияны иштеп чыккан, бул бардык уюмдун мүчөсү болгон мамлекеттерди, анын ичинде Кыргызстанды да аталган резолюцияны  иш жүзүнө ашырууга мыйзамдуу түрдө милдеттендирет. UNSCR 1325 резолюциясы БУУнун Аялдар тынчтыгы жана коопсуздугу (WPS) долбоорунун негизи болуп саналат, жана  аялдардын жана кыздардын тынчтык жана конфликт убагындагы озгочо аялууу катмар болуп эсептелишин гана эске албастан, аялдарды коомдун чечим чыгаруучу деңгээлинине кошуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. 

Кыргызстан Борбордук Азиядагы пост-Советтик 5 мамлекеттин арасынан эң эле прогрессивдүү жана демократиялуу олко деп эсептелинет. А бирок, аялдардын укуктары жана адам коопсуздугу маселесине келгенде Кыргызстан дагы көп жагдай менен күрөшө турган көрүнүштө. Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө үч курч конфликттер орун алды, алардын акыркы убакта болуп өткөнү 2010- жылдагы түштүктөгү Ош окуялары. Бул зордук-зомбулуктун көрүнүштөрү улутчулдук жана ретрадиционализмдин өнүгүүсүнө жол берип, жыйынтыгында аялдардын эркиндиги жана алардын каалагандай  жашоосуна аябагандай чек коюлуусуна алып келүүдө. UNSCR 1325 долбоорун ишке ашырууга бардык БУУнун мүчөсү болгон мамлекеттери Мамлекеттик Иш Планын (МИП) иштеп чыгууга милдеттендирилет. 2016- жылдын сентябрь айына карата болгону 63 БУУга мүчө мамлекеттер  Мамлекеттик Иш Планын иштеп чыккан, а лардын арасында Кыргызстан да бар болчу. Кыргыз МИП  эң орчундуу 5 максатты коздойт, алардын ар бири коопсуздук жана аялдар укуктары маселелерине багытталган. Мисалга алсак, МИП зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга күчөтүлгөн колдоо көрсөтүү, учурдагы ишке киргизилген укуктук базаны «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» чакырыгына шайкештикке келтирүү максатында кайрадан карап чыгуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташууну жакшыртууга чакырып кетет. Учурдагы МИП 2013 жана 2014 жылдарда ишке киргизилүүсү пландаштырылган, бирок эрктүүлүк, потенциал жана каралган ресурстардын жоктугуна байланыштуу бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу токтотулган.

Новый Ритм коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан  UNSCR 1325 долбоору үч негизги максаттарды өзүнө камтыйт:

  1. Коомдук бирикмесинин команда мүчөлөрүнүн башкаруу жана тематикалуу потенциалын бекемдоо;
  2. Долбоор боюнча Ош, Жалалаабад жана Баткен облустарында жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу жана өстүрүү;    
  3. Тынчтык демилгелерге көмөк көрсөтүү жана БУУнун Коопсуздук Кенешинин 1325 резолюциясы маселелери боюнча иш алып барган жергиликтуу тармакты түзүү.

  

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту чагылдырган жана аялдардын укугун сактоого үндөгөн трафареттердин көргөзмөсү, эл аралык деңгээлдеги сүрөтчү Виктория Ломасконун гендердик трафареттерди тартуу боюнча өткөргөн воркшопторунун жыйынтыгы болду. Аталган көргөзмө Ош шаарындагы Брио кофейнясында болуп өткөн.

 

Аймактардагы тренингтер