“Гендердик стандарттар жана Көчө тийишүүлөрү” деп аталган көчө тийишүүлөрүнө каршы маалыматтык кампания 2019-жылдын сентябрь айынан январь айына чейин жүргүзүлдү.

Маалыматтык кампаниянын максаты – Ош шаарындагы коомчулукту кыздарга ыдык көрсөтүлүп, көчө тийишүүлөргө кабылуусу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

* Көчө тийшүүлөр же болбосо ыдык көрсөтүү – бул коомдук жайда, башкача айтканда көчөдө же тамактануучу жайда, коомдук транспортто же таксиге отурганда жасалган сексуалдык аракет жасоонун бир түрү. Бул бир караганда кыпындай эле болуп көрүнгөн ыдык көрсөтүүгө себеп болгон факторлор  келбетине, юбкасын узун кыскалыгы, ышкырып тийишүү жана ошондой эле жеке мейкиндикти  бузуу- кармалоо, сыйпалоо, жамбашка чабуу, физикалык зомбулук  жана күзөтүүлөр.  Ыдык  жөнүндө видеолорду бул жерден көрүңүз:

Демилгенин  алкагында жаштардын, укук коргоо органдарынын жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эки күндүк маалыматтык семинар өткөрүлүп, 4 маалыматтык видео материалдар түзүлүп, таратылды жана ошондой эле  2 социалдык эксперимент жүргүзүлүп, маалыматтык брошюралар түзүлдү.

Бул маалымат кампания биздин бирикмеде көчө тийишүүлөрү маселесин чечүүгө багытталган экинчи демилге болду. Ошентип 2015-жылдын күзүндө биринчи жолу “Ыдык көрсөтүүлөргө ТОКТО деп айт” атту кампания ишке ашырылып, Saferworld бирикмесинин “Жаштардын жана аялдардын эң жакшы кампаниясы” наминациясынын жеңүүчүсү болду(шилтеме).

Эки кампания жөнүндө кененирээк бул жерден окуңуз: