Новый Ритм – бул жаштардын бири-бири менен пикирлешип, ой бөлүшүп, лидерлик жана командада иштөө жөндөмүн өркүндөтүп жана  демократия, адам укутары, гендердик теңдүүлүк, экология жана ар кандай чыр татактарды алдын алуу/жоюу жөнүндө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоочу кеңсе. Биздин кеңседе жаштар үчүн көптөгөн иш-чаралар, ар кандай семинарлар, жолугушуулар жана тренингдер алардын жөндөмдүүлүгүн жана билимдүүлүгүн өстүрүү максатында өткөрүлөт. 

Биздин бирикмебиздин идеясы жынысына, жашына, улутуна, динине, саясий көз караштарына жана башка айырмачылыктарга карабастан, бардык адамдар үчүн ачык мейкиндик болуусу. Максаты – ар бир адам өзүн коопсуз жана бейпил сезип, идеяларды алмашуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү –  бул жерде жаштар жаңы өнөрлөрдү үйрөнүп, белгилүү бир тематикалык чөйрөдө өз потенциалын арттыра алганы шарты бар жай. 

Эгерде сизде идеяларды иштеп чыгууга кызыкдар болсоңуз же сизге өзгөчө кызыгуу болсо жана өз демилгеңизди түзгүңүз келсе, биз менен байланышыңыз! Биздин ишибиз жана бизге кантип кошулуу жөнүндө көбүрөөк маалымат алуунун эң оңой жолу – социалдык баракчаларыбызга кошулуу.