Эгерде сиз өзүңүздү жана / же коомуңузду өнүктүрүүгө кызыкдар болсоңуз, белгилүү бир теманы талкуулоону кааласаңыз жана өзүңүздөй бирдей көз караштагы адамдарды тапкыңыз келсе, балким сиз коомдогу көйгөйлөрүн кантип чечүү жөнүндө идеяңыз болсо,  коопсуз жана бейпил шартта баарлашууну кааласаңыз – келип, бизге кошулуп, чогу талкуу жүргүзүңүз. Бирикмебизде жаңы идеялар менен  ишке ашыруу ортосундагы аралык чоң эмес. Сиз бир идея менен келдиңиз биз аны угуп, биргеликте  ишке ашырабыз!

Биз сизге эмне сунуш кыла алабыз:

  • Коопсуз жана бейпил атмосфера;

  • Достук менен тең шартта идеяларды алмашуу үчүн орун;

  • Сиз менен бирдей маселелерге жана темаларга кызыккан жаңы адамдар менен таанышууну;

  • Жеке жана кесиптик жактан өнүгүү мүмкүнчүлүгүн;

  • Социалдык маселелер боюнча тажрыйба топтоо жана тематикалык багыттар боюнча билимдерди тереңдетүү;

  • Бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) ишинде колдонулган усулдар жана ыкмалар боюнча тренингдерди;

  • Лидердик жана топтук иштөө жөндөмүн өркүндөтүүнү;

  • Сиздин өз идеяңызды жана демилгелериңизди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн. 

Биздин иш-чараларга жана демилгелерибизге катышыңыз!

Новый Ритм бирикмесине мүчө болуунун бир жолу – активисттер тобуна кошулуу же болбосо аны  түзүү. Бул тууралуу биз менен байланышып билсеңиз болот.

Катышуунун эң оңой жолу – биздин офиске келип, биз менен сүйлөшүү, идеяларды талкуулоо жана жалпы чечим кабыл алуу. Айрым иш-чаралар / демилгелер ачык жана сиздер белгилүү бир макулдашуусуз катыша аласыздар, анда сиз биздин ыктыярчыла тобуна кошулуп, андан соң уюмга мүчө боло аласыз. Уюмдун мүчөлөрү ким экендигин жөнүндө бул жерден окуңуз.