Урматтуу достор жана кыздар!

Сиздер үчүн 2019-жылдын 26-29-сентябрында Ош шаарында өткөн “Ооба, Лидермин!” аттуу кыздар үчүн билим берүү лагеринин кыскача баяндамасын сунуштайбыз.

Лагерге катышуу үчүн арыздар биздин бирикменин бардык рекорддорун бузду – биз өлкөнүн бардык аймактарынан жана коңшу мамлекеттерден 650дөн ашуун билдирүүлөрдү чогулттук. Кылдат талдап, узакка созулган талаш-тартыштардан кийин,  биздин лагердин катышуучулары болгон 25 кызды тандоону чечтик.

“Ооба, Лидермин!” билим берүү лагери – бул кыздардын лидерлик сапаттарын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, адам укуктары, гендердик теңчилик, репродуктивдик ден-соолук жаатындагы билимин жогорулатуучу аянтча. Бул эң сонун жана күчтүү спикерлер жана тренерлер менен бир толкунда  сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү.

Лагердин биринчи күнү биздин катышуучулар менен таанышуубуз менен эсте калды (эң кызыктуу жана чечүүчү учур болду ^ _ ^). Биз ким экенибиз жана жакынкы үч күндүн ичинде кандай мүмкүнчүлүктөрдү бирге багындырышыбыз керектиги жөнүндө сүйлөштүк.

   

Андан кийин, биз сөздү  Мадина Салайдинова жана Чолпон Бадышевага өткөрүп бердик.Алар кыздар менен адам укуктары боюнча билимдерин бөлүшүп, дискриминациянын формалары жөнүндө сүйлөшүп, басмырлоонун алдын алууга жардам бере турган бир нече идеяларды иштеп чыгышты.

Кечинде кыздар гендер жана гендердик теңчилик боюнча тренерлерибиз –  Хуршида Расаходжаева  жана Наргиза Исакова менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кечки тамактан кийин катышуучулар биздин психологдун сессиясын күтүп жатышты, алар кыздар менен өзүн-өзү сыйлоо жөнүндө сүйлөшүштү. Соңунда, жеңил чарчаңкы сезим менен, баары уктоого кетишти.

«Бирок, мен эң мыкты лагерде болдум! Мен көзүмдү ачып, дүйнөмдү түп-тамыры менен өзгөрткөн көптөгөн жаңы нерселерди билдим! »

Экинчи күнү биздин кереметтүү   Элеонора Сүйүнбаевадан таңкы көнүгүүсү менен башталды. Эртең мененки тамактан кийин бизди  Адель Оморовадан репродуктивдүү ден-соолук боюнча сессия күтүп турду. Сессия чындыгында укмуштуудай болду жана кыздар маанилүү ачылыштарга ээ болушту)

Түштөн кийин Айгерим Шукурбекова кыздар менен эл алдында сүйлөө сырларын бөлүшүп, орду менен сөз сүйлөп, дебатта кантип жеңишке жетүү боюнча кеңештерин берди.

Андан ары биздин досубуз  Венера Арыкова катышуучулар менен мотивациялык жолугушуу өткөрүп, анын Эразмус + жана SUSI алмашуу программаларына катышуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.

Кечки тамактан кийин  “Мона Лизанын жылмаюсу” тарыхый драмасы күтүп турда.Ал жаш тарых мугалиминин колледждин белгиленген патриархалдык ченемдери менен канчалык күрөшү оор экендиги жөнүндө баяндайт. Ушундай кызыктуу жана шыктандыруучу маанайда биз экинчи күндү аяктадык.

Үчүнчү күндүн таңы – көнүгүү жана даамдуу эртең мененки тамак менен коштолду.

Бир нече кызыктуу ойготуучу оюндардана кийин, лидерлик боюнча  мыкты машыктыруучу  Мээрим Нурланбековага, кыздарды өз максаттарына карай алга умтулуу жөнүндө кеп салды.Мээрим кыздарга белек катары  Алтын Капалованын  китептерин белекке берди.

Мээрим менен сессияны андан ары улантып, мен жана кыздар бүгүнкү күндүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон улуу аял-лидерлер тууралуу талкууладык.

Андан соң   Салтанат Боронбаева  кыздар менен эмоционалдык акыл жөнүндө сүйлөштү. 

Швециядан келген биздин EVS ыктыярчыбыз Kathrin Svanberg кыздарга йоганын сырлары менен бөлүштү. Бул болсо кыздарга жеңилдикти жана күч-кубаттын жаңы демдерин сезүүгө жардам берди Биз ыктыярчыбызга  абдан ыраазыбыз.

Андан соң, Айсулуу Аскарбекова кыздарга өзүлөрүн кабыл алуу жана эмне үчүн боди позитив  дүйнөлүк тенденцияга айлангандыгы жөнүндө айтып берди.

Кечки тамактан соң чечкиндүү жана көрунүктүү Маргарет Тэтчердин “Темир айым” аттуу сонун киносун  көрдүк.

Лагердин бул күнү  жаңы таанышуулард менен  кыздардын эсинде калып, ошондой эле коноктор үчүн да чоң мотивация алуунун күнү катары эсте калды. 

Эртең менен жергиликтүү кеңештин депутаты, активист жана аялдардын укугун жана кызыкчылыктарын улуттук деңгээлде жайылтып келаткан Авазкан Ормонова менен кызуу маектешүү болду.

Түшкө маал, бизди  #LeadersTalksту аяктоо аземи күтүп жатты.

#LeadersTalks – бул аялдар лидерлигин бир нече аспекттен талкуулоо үчүн уникалдуу достук аянтчасы: Биринчи баяндамачыбыз болуп, бир нече билим берүү программаларынын катышуучусу жана бүтүрүүчүсү, Кыргызстандагы “Мен эмнени кийип турчумун” аттуу биринчи көргөзмөнүн уюштуруучусу Айсулуу Жолдошова  өз тажрыйбасы менен болүштү.

“Мен эменени кийип турчумун”  көргөзмөсү күчтүү эмоционалдык форматтагы,  экспонаттар жана ошол учурда сексуалдык зомбулуктун курмандыктары кийип турган кийимдер менен коштолгон көргөзмө болуп саналат.

Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сөз сүйлөп, депутат болуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айтып берди. Дээрлик бир саатка созулган маектешүү иш-чаранын катышуучуларына суроолорун берип, баалуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк берди.

Андан кийин, сөздү адам укуктарын коргоочу жана активист айым  – Рита Карасартовага сөз бердик. Эске сала кетүүчү нерсе Рита айым  президенттикке ат салышкан! Активист айым  жолугушуунун катышуучулары менен анын жашоосунда кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөнүн айтып берди.

Иш-чара көңүлдүү жана жагымдуу маанайда өттү, биз баардык спикерлерге абдан ыраазыбыз.

Лагердин аягында,   белектерди өз ээлерине тапшыргандан соң, баарыбыз  кофе үстүндө сөздөрүбүздү уланттык.

Ушундай жакшы маанайда  биз кыздарыбыз менен коштошуп, аларды сапрага узатып, коштошууга туура келди.

Сиздин колуңуздан баары келет,сиз чыныгы лидер айымсыз биз бул нерсеге толук турдө  ишенебиз андыктан эч качан артка чегинбей ар дайым алдыга гана умтулуңуз! Эсиңизде болсун бизди бир гана лагерь эмес андан да чоң нерсе бириктирип турат!

* “Ооба Лидермин” долбоору U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic тарабынан каржылануу менен, American Councils for International Education Kyrgyzstan тарабынан жетектелип, “Новый Ритм” КБ өнөктөштүгү менен долбоор  ишке ашырылды.