Новый Ритмдин кымбаттуу достору,  жаштардын коомдук өнүгүүсүндө тынчсыздандырган маселелер жөнүндө кам көргөн инсандар.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын апрель айында  Ош шаарында  коомду жандантуу максатында  шаар конокторун жана  тургундарын өркүндөтүү максатын көздөгөн  социалдык кофейня иштей баштаган. Кофейня бардык жарандарга алардын жынысына, динине, улутуна, тилине, денесинин түсүнө, салмагына, жашына жана социалдык статусуна карабастан ачык  аянтча болуп саналат. Кофейня  баарынын  пикири жана баалуулуктарынын  ар түрдүүлүгүнө карабай ар дайым ачык.

Бир нече убакыттан бери,  кофейня  пайдалуу жана  эс ала турчу  жай катары кызмат кылып келет.  Ошондой эле,  коомду жакшы жакка өзгөртүү максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз.Белгилүү инсандар менен кызыктуу расмий эмес иш-чаралар, жолугушуулар өтүп келүүдө Мисалы:  ар түрдүү оюндар, ыр окуу жана музыка, йога сессиялары, адам укуктары  жана феминизм, айлана-чөйрөнү коргоо, жаштарды шыктандыруу максатында жолугушуулар тынымсыз ар бир жумада өтуп келүүдө.

Жана да кофейняда ар түрдүү тренингтер, окутуулар жана мастер класстар  ар түрдүү форматта өтүп жатат. Биздин кофейня коноктор үчүн чай, кофе ичип жөн гана идеяларды алмашуу жана аларды ишке ашыруу үчүн  жолугушуулар болуп саналат.

Жогоруда айтылып кеткен иш-чаралар кызыккан жаштардын, бирикменин мүчөлөрүнүн, ыктыярчылардын  өздөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул да болсо жаштар үчүн формалдуу эмес билим берүү болуп саналат.

Биз башында кофе, чай жана таттууларды сатуудан түшкөн каражаттар (жана кээ бир акы төлөнүүчү иш-чаралар) аркылуу жаштар өз демилгелерин каржылоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүүсү үчүн негизделген. Бирок жергиликтүү денгээлде  социалдык демилгелерди колдоо жана кофе ичүү  маданияты  элде өнүгө электигине байланыштуу, биз кофейнябызды жабуу коркунучунда турабыз.

 Бирок бул коркунучтун алдын алууга болот, муну биз сиздин жардамыңыз менен жасай алабыз.

Сиздер  эмне кылып жардам берсеңиздер болот?

  1. Сиз биз уюштуруп жаткан краудфандиг кампаниябызга катышып жана  акы төлөнүүчү бир катар иш-чараларыбызга активдүү  катышуу  аркылуу  Новый Ритмге жардам берген болосуз. Жана бул да болсо сиздердин бизге кошкон финансылык жактан туруктуулукка жетүүгө өбөлгө болушу мүмкүн. Сиз жөн гана  биздин официалдуу каналга жазылууңуздар керек. Себеби иш-чаралар  тууралуу билүү үчүн.

  2. Сиз  жаңы китеп сатып алуунун ордуна биздин китепканабаздан ижарага алып турсаңыз болот. Ошентип, сиздер  да, айлана-чөйрөнү коргоого салым кошкон болосуз. Бул кандай?  (ссылка аркылуу окусаңыз болот) 

  3. Ошондой эле сиздер биздин кофейняда жайгашкан секонд хендден колдонуп, кийимдери сатып алсаңыз болот (ссылка аркылуу окусаңыз болот)

  4. Же Patreon аркылуу  (ссылка ⤵) биздин донор болуп жардам берсеңиз болот.

Биз чогулган акчаны кофейнянын   ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында  колдонмокчубуз. Атап айтканда официанттардын, баристалардын, PR менеджердин  эмгек акысы үчүн жумшайбыз. Кофейнябыз  үчүн керектүү азыктарды, таттууларды   сатып алуу максатында.

Биз албетте сиздер  тараптан көрсөтүлгөн  колдоо үчүн ыраазы болмокпуз!

Үмүт жана тилектештик менен

Новый Ритмдин командасы 💜